Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

АКШдагы кинофестивалда актер Акылбек Абдыкалыков сыйлыкка ээ болду


"Түнкү кырсык" тасмасынын кадры
"Түнкү кырсык" тасмасынын кадры

Кыргыз актеру Акылбек Абдыкалыков АКШнын Лос-Анжелес округунун Калвер-сити шаарында өткөн "Asia World Film Festival" эл аралык кинофестивалында "эркектин ролун мыкты ойногону" үчүн сыйланды.

Бул тууралуу "Айтыш" фондунун өкүлү Чолпон Идрисова "Азаттыкка" билдирди.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Акылбек Абдыкалыков Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" аттуу тасмасында баш каармандын образын жараткан.

Тасмада баяндалган окуя Ысык-Көлдүн жээгинде орун алат. Улгайып калган киши караңгыда мотоцикл айдап келатып, капыстан чыга калган башка улуттагы кызды сүзүп кетет.

Кыз эс-учун жоготот. Аны башкы каарман үйүнө алып барат. Кийин чет элдик кыздын киллер экени аныкталып, ага милиция издөө салат. Ал арада улайган киши кызды жактырып калат.

Тасма белгилүү кыргыз драматургу Талип Ибраимовдун "Периште" аттуу чыгармасынын негизинде тартылган. Былтыр режиссер, актер Актан Арым Кубат "Кентавр" тасмасында жараткан ролу үчүн ушул эле наамдагы сыйлыкка татыган.

"Asia World Film Festival" эл аралык кинофестивалы 1-ноябрь күнү аяктады. Иш-чара 24-октябрда башталган. Аны Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз негиздеген. (KR)

XS
SM
MD
LG