Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Көк бөрү оюндарынын финалында Чүй менен Ысык-Көл беттешет


III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну.

Ош шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча өлкө чемпионатынын финалдык оюнунда Ысык-Көлдүн жана Чүй облусунун командалары беттешет.

Ош жана Талас облустарынын командалары бул жолу 3-орун үчүн күч салышат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдиргендей, 1-ноябрда жарым финалда болгон оюндарда Чүйдүн улакчылары Талас командасын 5:1, көлдүктөр Оштун көкбөрүчүлөрүн 1:0 эсебинде жеңип, финалдык таймашка чыккан.

Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын баш катчысы Куватбек Аскаровдун айтымында көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты 2014-жылдан бери өткөрүлбөй келген. Бул ирет чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө "Улуттук спорттун түрлөрү боюнча спорт чебери" деген наам берилет. Алдыда финалдык беттештен сырткары Талас менен Ош командалары коло байге үчүн оюнга чыкса, ошондой эле эр-эңиш жана ар кандай аралыкка ат чабыштын финалдык бөлүгү болот. Ат оюндары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган.

Мелдештер Ош шаарындагы "Төлөйкан" ат майданында өтүп жатат. Көкбөрү федерациясынын маалыматына караганда, таймаштарга өлкөнүн алдыңкы улакчылары катышат. (MdN/KR)

XS
SM
MD
LG