Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Кабулдагы өрттөн ири электроника базары чыгымга учурады


Кабул.
Кабул.

Ооганстандын борбору Кабулда 2-ноябрга караган түнү чоң өрт чыгып, шаардын борборундагы электроника саткан жүздөгөн дүкөндөрдү чыгымга учуратты.

Тилсиз жоодон бир да киши жабыркаган жок. Тутанган өрт 13 сааттын ичинде араң өчүрүлдү.

Бийлик өкүлдөрү учурда өрттүн себептерин иликтеп жатышат. Алдын ала маалыматка караганда ага электрондук жабдыктардан чыккан от себеп болгон. Өрт өчүргүч суу түтүктөрдөгү суунун басымы төмөн болгондуктан жалынды чектөөгө көп убакыт кеткен. Өрт өчүргүчтөр сууну атайын автоунаалар менен алыстан ташып келүүгө мажбур болушкан.

Бизнестеринен айрылган ишкерлер өкмөттөн кенемте талап кылышууда. Алардын бири Мужибул Рахмандын 200 миң долларлык товары күйүп кеткенин айтууда.

XS
SM
MD
LG