Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:49

Маданият-Жалал-Абад унаа жолун оңдоо иши 2019-жылы башталат


"Ата Мекен" фракциясынын Жалал-Абаддагы көчмө жыйыны
"Ата Мекен" фракциясынын Жалал-Абаддагы көчмө жыйыны

Ош-Бишкек трассасынын 67 чакырымын түзгөн Маданият-Жалал-Абад автоунаа жолун реконструкциялоо 2019-жылдын жаз айларынан башталат.

Бул тууралуу транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын Жалал-Абадда өткөн көчмө жыйыны учурунда билдирди.

- Долбоорду аткарууга Евразия өнүктүрүү банкы менен 2014-жылы 72 миллион долларга макулдашылган. Бирок документ жана уюштуруу иштери, долбоорду даярдоого төрт жыл убакыт кетти. Тендерди азербайжандык компания утуп алган. Жумуш жаз айларынан башталат, - деди Жусубалиев.

Жыйын учурунда депутат Алмамбет Шыкмаматов төрт жыл мурда кол коюлган келишимди өкмөт кечиктирип жатканын сынга алды.

2-категориядагы жолго кирген Ош-Бишкек трассасынын бул бөлүгү 11 тонна жүктү көтөрүүгө ылайыкташып курулат. (RsK)

XS
SM
MD
LG