Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:59

"Твиттер" 10 миң аккаунтту өчүрдү


"Твиттер" АКШда 6-ноябрда өтө турган шайлоодо добуш бербөөгө чакырган 10 миңдей шек туудурган аккаунттарды өчүрдү. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги "Твиттердин" өкүлү Ян Планкетке таянып кабарлады.

Социалдык түйүн сентябрдан октябрь айына чейинки аралыкта жарыяланган билдирүүлөрдү жок кылды. Аталган аккаунттардын баары Демократтар партиясынын тарапташтары катары катталган.

АКШ Конгрессине шайлоо 6-ноябрга белгиленген. Бул шайлоо жөнүндө жазылган микроблогдордун саны 10 миллиондон ашып, мурдагы жылдарга салыштырмалуу Twitterде эң көп сөз болгон окуя катары сыпатталды.

Сентябрдын башында "Фейсбук" менен "Твиттердин" жетекчилери АКШ Сенатынын чалгындоо боюнча комитетинде сөз сүйлөп жатып, социалдык түйүндөрдүн чет элдик чабуулдарга туруштук берүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө баяндама жасашкан. Анда сенаторлор АКШдагы шайлоого Орусия кийлигишип жатканын белгилеп, ага Иран да кошулганын айтышкан. Москва мындай айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG