Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Дүйнө лидерлери Биринчи дүйнөлүк согушту эскерүү үчүн Францияда чогулушат


Согуш учурундагы француз жоокерлери. 1916-жыл
Согуш учурундагы француз жоокерлери. 1916-жыл

Биринчи дүйнөлүк согушту эскерүү иш-чаралары Францияда 4-ноябрда башталып, бир аптага созулат. Согуштун аякташынын 100 жылдыгын эскерүүгө жалпысынан 80 дүйнөлүк лидер келет деп күтүлүүдө.

Франциянын президенти Эмануэл Макрон өлкөнүн ар кайсы бурчунда Германия менен ага каршы чыккан өнөктөштөрдүн салгылашуусунун натыйжасында согуш талааларында каза тапкан жүз миңдеген жоокерлерди эскерүү иш-чараларына катышат.

Чакырылган коноктордун тизмесинде АКШнын президенти Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин да бар. АКШнын расмий өкүлдөрү эки президент жолугуп, азыноолак кеп курары мүмкүн экенин билдиришти.

Трамп, Путин жана Германиянын канцлери Ангела Меркел эскерүүнүн жабылыш аземине катышары да айтылууда.

Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда 16 миллион адамдын жаны кыйылган.

XS
SM
MD
LG