Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

Таластын мурдагы губернатору "Учкунга" жетекчи болуп дайындалды


Даир Кенекеев
Даир Кенекеев

Мурдагы вице-премьер-министр, Талас облусунун экс-губернатору Даир Кенекеев мамлекеттик "Учкун" акционердик коомуна директор болуп дайындалды.

44 жаштагы Даир Кенекеев 2011-жылы "Республика" партиясынын сунушу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу министрлигин кыска убакытка жетектеген. 2015-жылдан тарта өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү болуп иштеп жаткан. 2017-жылдын 16-октябрында президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан Таластын айрым тургундары менен жолугушуусунда айткан сөздөрү үчүн ошол кездеги мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин мактоосуна татыган.

Көп өтпөй Даир Кенекеев борбордук бийликке сунушталып, Сапар Исаковдун өкмөтүндө вице-премьер-министрлик кызматына келген. (KR)

Атамбаев: Таластыктар, мени укпасаңар да, Манасты уккула
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

XS
SM
MD
LG