Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Пакистанда полиция жүздөгөн адамга айып койду


Карачи шаарындагы демонстрация. 2-ноябрь, 2018-жыл.
Карачи шаарындагы демонстрация. 2-ноябрь, 2018-жыл.

Алар соңку күндөрдөгү нааразылык акциялар учурунда кыянатчыл иштерге, вандализимге барганы, өрт койгону үчүн айыпталышууда.

Өлкөнүн эң ири провинциясы - Пенжабда полиция 1000ден ашуун адамга, борбор Исламабадда 250дөй кишиге айып коюлганын кабарлады.

Пакистандын ашынган исламчыл партияларынын миңдеген жактоочулары бул апта ичи өлкө боюнча демонстрацияларга чыгып, жолдорду тороп, буушкан эле. Алар “Мухаммед пайгамбарга акарат келтирген” деп айыпталган христиан аялга берилген өлүм жазасын Жогорку сот 31-октябрда жокко чыгаруусуна каршы нааразылыгын мына ушундай ыкма менен билдиришкен.

Нааразылык акциялар 2-ноябрда Пакистандын өкмөтү “Техрик -е-Лабаик Пакистан” партиясынын 54 жаштагы Асия Бибинин ишин кайра кароо талабына макул болгон соң токтоду. Мурдараак Пакистандын премьер-министри Имран Хан демонстранттарды “эл душманы” деп атаган.

Асия Бибинин өлүм жазасына кесилиши бүтүн христиан дүйнөсүндө нааразылык жараткан. Католик чиркөөсүнүн башчысы Папа Бенедикт XVI 2010-жылы аны бошотууга чакырса, Папа Фрэнсиск 2015-жылы тарса аялдын кызы менен кездешкен. 2012-жылы Франция Асия Бибиге саясий качкын макамын берүүгө даяр экенин билдирсе, Орус-православ чиркөөсүнүн башчысы Кирилл Пакистан бийлигинен аялга ырайым берүүнү суранган. Христиан аял да күнөөсүн мойнуна албай келген.

Төрт баланын энеси Биби 2009-жылы июнда камакка алынып, бир жылдан кийин райондук сот аны өлүм жазасына өкүм кылган. (UE)

XS
SM
MD
LG