Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Айтматовго арналган айтыштын тандоо туру өтөт


Төкмө акындар Аалы Туткучев менен Жеңишбек Жумакадыр.
Төкмө акындар Аалы Туткучев менен Жеңишбек Жумакадыр.

Бишкекте бүгүн, 5-ноябрда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган айтыштын тандоо туру болот.

Республикалык «Айтыш» коомдук фонду билдиргендей, тандоо туру саат 10.00дө «Манас» кинотеатрында башталат.

Анда ар бир жупка 10-15 мүнөттөн убакыт берилет. Жалпысынан он алты акын тандалып алынат.

Тандоодон өткөндөр 8-ноябрда Талас облустук драма театрында өтө турган айтышка катышат. Айтыштын байге фонду бир миллион сом. (NT)

XS
SM
MD
LG