Бүгүн, 5-ноябрда АКШнын Иранга каршы санкцияларынын экинчи баскычы күчүнө кирет. Америкалык санкциялардын бул баскычы Ирандын мунай сектору менен каржы тармагын бутага алмакчы.
Вашингтондун Иранга каршы экономикалык санкцияларынын алгачкы баскычы быйыл август айында киргизилген.
Ага чейин майда АКШнын президенти Дональд Трамп өз өлкөсү Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылдагы алты тараптуу келишимден чыгаарын жарыялаган.