Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 08:13

Бишкекте автоунаа каттаган ишкананын жетекчиси кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы коррупцияга шектүү катары кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, 2-ноябрда колго түшкөн аткаминер автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталууда. Аты-жөнү ачык айтыла элек аткаминерге каршы Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси менен кылмыш иши козголуп, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргызстанда жыл сайын жол кырсыктарында миңден ашуун адам көз жумат. Коомчулукта "айдоочулук күбөлүктөр сатылып, техникалык каттоо иштеринде жең ичинен жасалган иштер көп" экендиги айтылат.

"Transparency International" эл аралык уюмунун 2017-жылдагы коррупциянын деңгээлин ченеген иликтөөсү боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 135-орунду ээлеген. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG