Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Санкция тизмесиндеги өзбек ишкери AIBAнын президенти болуп шайланды


Гафур Рахимов.
Гафур Рахимов.

Өзбекстанда криминалдык төбөлдөрдүн бири катары аты чыгып жүргөн ишкер жана мурдагы мушкер Гафур Рахимов Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президенти болуп шайланды.

3-ноябрда ассоциациянын Москвада өткөн конгрессинде Рахимов үчүн 134 кишинин 86сы “макул” деп добуш берди. Натыйжада ал казакстандык жалгыз атаандашы Серик Конакбаевден алдыга озуп кетти.

2012-жылы АКШ Рахимовго эл аралык баңгизат соодасына катышы бар деген шек менен каржылык санкция киргизген.

Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитети Рахимовго кайрылып, анын талапкерлиги боксту 2020-жылкы Олимпиаданын программасында сактап калууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин, анткени ал кримдүйнөгө байланышы бар деп шек саналып жатканын билдирген.

Эл аралык Олимпиада комитети боксту 2020-жылкы Олимпиаданын программасында калтыруу маселесин ноябрдагы жыйынында карайт.

Быйыл июль айында Өзбекстан Ички иштер министрлиги Гафур Рахимовду издөөдөгү кишилердин тизмесинен чыгарган. 27-июлда Рахимов Ташкентке келген жана Өзбекстан Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилиги менен жолуккан.

XS
SM
MD
LG