Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Түштүк Корея менен АКШ чакан машыгуу өткөрүүдө


Түштүк Кореянын аскердик кемелери.
Түштүк Кореянын аскердик кемелери.

Дүйшөмбү күнү АКШ менен Түштүк Кореянын чакан аскердик машыгуусу башталды. Түштүк Кореянын түштүк тарабындагы Пхохан шаарындагы машыгууга эки өлкөнүн деңиз флотторунун 500гө чукул аскерлери катышууда. Бул машыгуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түндүк Корея лидеринин кеңешчиси Ким Йоң Чол менен Нью-Йоркто кездешер алдында өтүп жатат.

"Кореядагы деңиз флоттордун тажрыйба алмашуу программасы" деп аталган бул машыгуу июнь айында токтотулган эки өлкө ортосундагы ири аскердик манёврлардын бир бөлүгү болчу.

АКШнын президенти Дональд Трамп быйыл июнь айында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолуккандан кийин Вашингтон менен Сеулдун ортосундагы ири аскердик машыгууну токтото турууга убада берген. Андан бери эки өлкө чакан машыгуулар менен гана чектелип келет.

Түштүк Кореянын коргоо министри 2019-жылга белгиленген ири машыгууну өткөрүү маселеси быйыл жыл соңунда чечилерин айтты.

Түндүк Корея АКШ менен Түштүк Кореянын ири аскердик машыгууларын өз коопсуздугуна коркунуч катары мүнөздөп келет. Пхеньян мындай машыгуулар учурунда өз аймагында ракеталарды сынаган учурлар болгон.

Быйыл Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусунан кийин Түндүк Корея өзөктүк куралды жок кылуу маселесинде кызматташууга дилгирлигин билдиргени кабарланган. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 4-ноябрда CBS каналындагы маегинде жакынкы күндөрү түндүк кореялык кызматташы менен кездешерин, анда Корей жарым аралындагы денуклеаризация көйгөйү жана эки өлкө лидерлеринин экинчи саммитин уюштуруу маселеси талкууланаарын айтты.

XS
SM
MD
LG