Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Христиан аялды жактаган адвокат Пакистандан чыгып кетти


Пакистандын Жогорку соту актаган Асия Биби.
Пакистандын Жогорку соту актаган Асия Биби.

Пакистанда "Мухамед пайгамбарга акарат келтирген" деп өлүм жазасына кесилген христиан аял Асия Бибинин укугун коргогон адвокат Сайфул Мулоок өлкөдөн чыгып кетти. Ал Нидерландга келип жайгашканын бул өлкөдөгү "Куугунтукка кабылган христиандардын биримдиги" уюму 5-ноябрда кабарлады.

Эки күн мурда адвокат Мулоок "жаалданган топтон өз өмүрүн сактап калыш" үчүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында Пакистандан чыгып кеткенин "Reuters" агенттигине билдирген.

Христианчылыктын католик багытын карманган 54 жаштагы Биби 2009-жылы июнда "пайгамбарга шек келтирди" деген айып менен камакка алынып, бир жылдан кийин өлүм жазасына кесилген. Сегиз жылдан кийин гана анын иши кайра каралып, 31-октябрда Пакистандын Жогорку соту беш баланын энесин актаган чечим чыгарган.

Бул чечимден кийин ашынган исламчылар нааразылык акцияларын уюштуруп, мындай чечим чыгарган сотторду жана христиан аялдын укугун коргогон адвокатты жазалоого чакырышкан эле.

Коопсуздук маселесинен улам христиан аял азыр кайда экени расмий айтыла элек. Бирок буга чейин бир катар Европа өлкөлөрү ага башпаанек берүүгө даяр экенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG