Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:05

Иран Израилди хакердик чабуул боюнча айыптады


Ирандын маалымат министри Мохаммад Жавад Азари Жахроми.
Ирандын маалымат министри Мохаммад Жавад Азари Жахроми.

Ирандын маалымат министри "өлкөнүн коммуникация тармагына каршы киберчабуулдарды уюштурду" деп Израилди күнөөлөдү. Мохаммад Жавад Азари Жахроми мындай пикирин 5-ноябрда "Твиттердеги" барагына жазып, ирандык техникалык адистер хакердик чабуулдун мизин кайтарганын билдирди.

Андан мурда министрдин орун басары Хамид Фаттахи дүйшөмбү күнү таң эрте Ирандын коммуникация тармагын бузуп кирүү аракети бир нече жолу катталганын айткан. Ал киберчабуулдун алдын алууга мүмкүн болгонун белгилеген.

Бир жума мурда Иран армиясынын саботажга каршы туруу бөлүмүнүн башчысы, генерал Голам Реза Жалали президент Хасан Роуханинин чөнтөк телефонун тыңшоо аракети болгонун билдирген.

Расмий Тегерандын мындай кинесине Израил тарап азырынча расмий түрдө жооп кайтара элек.

XS
SM
MD
LG