Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

АКШ Ирандан мунай алган айрым өлкөлөргө убактылуу жеңилдик берди


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана каржы министри Стивен Мнухин Вашингтондогу маалымат жыйынында, 5-ноябрь 2018-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана каржы министри Стивен Мнухин Вашингтондогу маалымат жыйынында, 5-ноябрь 2018-жыл.

АКШ Иранга киргизген жаңы санкцияларынын мунай соодасына байланыштуу жобосун аткаруу маселесинде сегиз юрисдикцияга убактылуу жеңилдик берди. Ага ылайык, Кытай, Индия, Түштүк Корея, Түркия, Италия, Греция, Жапония жана Тайван алдыдагы 180 күндө Ирандан мунай импорттой алышат. Бул маалыматы АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео дүйшөмбү күнү Вашингтондогу басма сөз жыйынында ырастады.

5-ноябрда Вашингтондун Тегеранга каршы экономикалык чараларынын экинчи баскычы күчүнө кирди. Бул жолку санкциялар Ирандын мунай, кеме куруу, финансы тармактарын бутага алат.

- Биздин максат – Иран режимин Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнө жүзүндөгү зордук-зомбулукчул жана туруксуздукка алып келген ишмердүүлүгүн каржылоого жумшап келген кирешесинен куру-жалак калтыруу,-деп билдирди АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

Ирандын президенти Хасан Роухани 5-ноябрдагы телекайрылуусунда өз өлкөсү "согуштук абалга" туш болгонун айтып, мунай соодасында АКШнын санкцияларына баш ийбей турганын белгиледи:

- Биз мунайыбызды сатып келгенбиз, кандай гана кырдаал болбосун аны уланта беребиз. Аны кылууга биздин күчүбүз жетет. Алар Иранды санкциялардан буйтап өтөт деп жатышат. Ооба, биз мыйзамсыз санкцияларды буйтап өтөөрүбүзгө сыймыктанаарбызды жарыялайбыз, - деди Роухани.

АКШнын Каржы министрлиги санкциялык тизмеге 200дөн ашык ирандык жеке адамдар жана компаниялар, ошондой эле банк тармагында иштеген 50гө чукул мекеме кайра киргизилген билдирди.

Санкциялар Вашингтон Тегерандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы көп тараптуу келишимден чыгып кеткенине байланыштуу калыбына келүүдө. АКШнын экономикалык чараларынын биринчи бөлүгү быйыл август жайында киргизилген.

XS
SM
MD
LG