Новак Жокович эркек теннисчилердин рейтингинде кайрадан биринчи сапка чыкты. Беш ай мурда сербиялык теннисчинин рейтинги соңку 12 жылдагы эң төмөнкү чегине түшкөн.
31 жаштагы Жокович соңку эки жылдан бери биринчи орунга чыга албай келген. Ал январь айында чыканагынан операция болуп, июнь айында Франциянын ачык чемпионатында чейрек финалда утулуп калып, теннисчилердин рейтингинде 22-орунга түшүп кеткен.
Бирок июль айында төртүнчү жолу "Уимблдон" ачык чемпионатын утуп, андан соң Цинциннатидеги турнирди жеңип алды. Сентябрь айында үчүнчү жолу АКШнын ачык чемпионатынын жеңүүчүсү болду.
Ал жекшемби күнү "Париж мастерс" мелдешинин финалында орусиялык Карен Качановго утулуп калса да, соңку бир нече айда топтогон упайларынын натыйжасында кайрадан дүйнөнүн биринчи ракеткасына айланды.
Ага чейин дүйнөлүк теннисчилердин башкы сабында испаниялык Рафаэль Надаль турган.