Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Шаардык сотто Кулматовдун адвокатынын арызы каралат


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 6-ноябрда мурдагы мэр жана мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасына байланыштуу арызды карайт. Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев анын бөгөт чарасын узартуу тууралуу чечимге каршы кассациялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.

30-октябрда Жогорку сот Кулматовду үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Ага чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбек Кулматовду 28-ноябрга чейин абакта калтыруу жөнүндө чечим кабыл алып, аны шаардык сот күчүндө калтырган.

Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып коюлган.

Июнь айында ага 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши ачылган. УКМК аны "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат.

Азыр мурдагы мэр УКМКнын тергөө абагында отурат.

XS
SM
MD
LG