Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:28

Амирбек Азам уулу ОшМУнун ардактуу профессору болду


Амирбек Азам уулу.
Амирбек Азам уулу.

"Азаттык" радиосунун журналисти Амирбек Азам уулу Ош мамлекеттик университетинин профессору наамына татыктуу болду. Аны 6-ноябрда аталган окуу жайында "Азаттык" - ОшМУ медиа-форумунда ректор Каныбек Исаков тапшырды. 

Амирбек Азам уулу "Эркин Европа\Азаттык" радиосунун ардагер кызматкерлеринин бири. 1994-жылдан бери аталган радионун Мүнхендеги, Прагадагы баш кеңселеринде эмгектенип келатат. Учурда илим, маданият жаатындагы темаларда кызыктуу баяндарды даярдайт.

"Азаттык" - ОшМУ медиа-форуму эки тараптын демилгеси менен уюштурулду. “Азаттыктын” жетекчилиги жана аталган окуу жайын бүтүрүп, бул радиодо эмгектенип жаткан журналисттер студенттер менен жолугуп, баарлашты. 

 

XS
SM
MD
LG