Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту ит уурдаган жаранды жазага тартып, анын үч жыл бою шаардан сыртка чыгышына тыюу салды. Андан тышкары, ага 35 миң соп айыппул да чегерилди. Иш 6-ноябрда каралды.
Бул тууралуу "Азаттыкка" иттин ээси, тогуз жаштагы Идин Тимуровдун энеси Гуля Алманбетова билдирип, сот чечимин көрсөттү.
Үч ай мурда жоголгон ит тууралуу социалдык тармактарда маалымат жарыяланган. Анын ээси, тогуз жаштагы Идин президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, андан кийин Свердлов райондук милициясы издөөгө киришкен.
Итти уурдады деп айыпталган адамга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси ("Уурулук") менен кылмыш иши козголгон.
Бул окуя боюнча чыгарылган чечим Кыргызстанда жаныбардын укугуна тиешелүү алгачкы сот иши болуп калды. (AiA)