Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

НАТОнун баш катчысы Орусия менен диалог зарыл деп эсептейт


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия менен диалог зарыл экендигин дагы бир жолу билдирди. "Бардык саясий чыңалууга карабастан, Батыш маселе чечиш үчүн Москва менен тил табышып келе жатат" деп айтты Түндүк Атлантикалык Альянстын башчысы «Neue Osnabrücker Zeitung» немис гезити менен болгон маегинде. Ошол эле кезде, Столтенбергдин сөзүнө караганда, Батыш ишенчээк болбой, биримдикте турушу зарыл.

НАТОнун баш катчысы буга чейин Орусияны "Батыш мамлекеттеринин чек арасына жакын келип, өзөктүк ракеталарын жайгаштырып жатат" деп айыптаган. Столтенберг Түндүк Атлантикалык Альянс тирешүүгө барбай турганын, бирок кандай гана коркунуч болбосун, өз өнөктөштөрүн коргой турганын да билдирген.

Орусия менен НАТО соңку бир канча жылдан бери бири-бирин "чагымга жана агрессияга жол берди" деп айыптап келатышат.

Түндүк Атлантикалык Альянстын мүчөлөрү Орусиянын 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялаганын, Украинанын чыгышында болуп жаткан тирешүүдөгү болжолдуу ролун кескин сынга алышкан. Өз кезегинде Москва НАТОнун Советтер Союзу ыдырагандан кийин Варшава пактына кол койгон мамлекеттерде жана Балтика өлкөлөрүндө өз таасирин күчөткөнүн чагымчыл аракет катары мүнөздөп келет.

НАТО ушул күндөрү “Кансыз согуш” аяктагандан берки эң ири аскердик машыгуусун өткөрүп жатат. 25-октябрда башталган аскердик иш-чарага 65 кеме, 250 учак жана тик учак, 10 миң аскердик унаа жана 50 миң жоокер тартылган. Машыгуунун биринчи фазасы 7-ноябрга чейин, экинчиси 13-ноябрдан 24-ноябрга чейин созулары кабарланган.

XS
SM
MD
LG