Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:37

"Кыргыз почтасы" кагаз сатып алууга 7 млн. 700 миң сомдук тендер жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы А4 форматындагы кагаз топтомун сатып алыш үчүн 7 миллион 700 миң сомдук тендер жарыялады. Маалымат Мамлекеттик сатып алуу порталына чыкты.

"Кыргыз почтасынын" Сатып алуу бөлүмүнүн башчысы Мирлан Ниязалиев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, кагаздар принтерден текст чыгарыш үчүн колдонулат:

- Кагаздарды Австралиядан алып келишет. Жөнөкөй кагаз эмес, өзүнүн атайын принтери бар. Ал кагазга атайын документтер чыгарылат. Кагаз коопсуздук жагынан ишеничтүү.

"Кыргыз почтасы" бул кагаздарды 2019-жылдын жарымына чейин иштетет.

XS
SM
MD
LG