Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Украин парламенти башкы прокурорду кызматтан кетирген жок


Жогорку Рада.
Жогорку Рада.

Юрий Луценко бүгүн, 6-ноябрда Жогорку Радада украиналык активист Екатерина Гандзюктун өлүмүн иликтөө маселеси каралып жатканда кызматтан кете турганын жарыялаган. Ал өз чечимин "активисттин өлүмү үчүн украин бийлиги күнөөлүү" деген маалымат каражаттарындагы “үгүт өнөктүгүнө” каршы болгону менен түшүндүргөн. Ал муну “кандан пиар жасоо” деп баалап, бул ишти тергөөдө коомчулук “телевизордун экранына” же укук коргоо органдарына ишенеби өзү чечиши керек экенин айткан.

Бирок Юрий Луценкону кызматтан кетүү тууралуу сунушуна депутаттардын 116сы "каршы", 38и "макул" деп добуш берди. Мыйзам боюнча башкы прокурорду парламент дайындайт жана бошотот.

Жогорку Рада бул жыйында украиналык активист Екатерина Гандзюкка жана башка активисттерге кол салууну иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түздү.

5-ноябрда Украинадагы 75 өкмөттүк эмес уюм кол койгон кайрылууда украиналык активисттерге кол салуулар жакшылап иликтенбей жатканы сынга алынган.

Херсон шаарында жашаган, Коррупцияга каршы күрөштү катуу сындап келген 33 жаштагы активист Екатерина Гандзюк 4-ноябрда көз жумду. Быйыл 31-июлда ага үйүнүн жанынан белгисиз адамдар кол салып, кислота чачып кетишкен. Ооруканада 96 күн жаткан Екатерина Гандзюкка 11 операция жасалган. Полиция бул иште кол салуунун аткаруучулары катары төрт кишини кармаган. Ошол эле кезде бул иштин артында ким турары ушул күнгө чейин белгисиз.

Украинада мындан башка да активисттерге кол салуу фактылары катталган.

XS
SM
MD
LG