Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Макрон: Европага Орусиядан, Кытайдан жана АКШдан коргогон өзүнүн армиясы керек


Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Европа Биримдигинин Орусиядан, атүгүл АКШдан коргогон өзүнүн европалык армиясы болушу керек деп эсептейт.

Анын 6-ноябрда “Европа 1” радиосуна берген маегинде айтканына караганда, Европа Америкадан азыраак көз каранды болушу зарыл. "Биз өзүбүздү Орусиядан, Кытайдан, ал гана эмес, АКШдан да коргошубуз керек. Эгер биз чыныгы европалык армияга ээ болбосок, анда европалыктарды коргой албайбыз" деди Франция президенти.

Макрондун оюнча, европалык тогуз өлкө НАТОдон тышкары да кызматташып, чакан жаңжалдарды өз алдынча басып, табият кырсыктарынан кийин жардам бериши керек.

Тогуз өлкөнүн коргоо министрлери 7-ноябрда Парижде биринчи жолу жолугуп, өз күчтөрүнүн болочоктогу кызматташтыгын талкуулаганы жатат.

Макрон европалык армиянын зарылчылыгы тууралуу ой АКШ президенти Дональд Трамптын Орусия менен АКШнын ортосундагы Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашуудан чыгуу ниетинен кийин жаралганын белгиледи.

Быйыл июлда Еврошаркет коргонуу чыгымын көбөйтүү чечимин кабыл алган. 2021-жылдан тарта коргонууга дагы 7 миллиард доллар бөлүп, жалпы суммасын 15 миллиардга көтөрүү макулдашылган.

XS
SM
MD
LG