6-ноябрда алгачкылардан болуп АКШнын чыгышындагы Вашингтон, Нью-Йорк жана башка шаар-аймактардын тургундары добуш бере баштады. Добушканалар Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө ачылды. Анда тартылган айрым сүрөттөр жана видеолордон шайлоочулар добуш берүү үчүн узун кезекте турганын көрүүгө болот.
Вашингтон бул шайлоого чет жерден кийлигишүү аракеттери болушу ыктымал экенин эскертти.
“Чет өлкөлүк оюнчулар, өзгөчө Орусия коомдук пикирге жана жик салууга багытталган чаралар аркылуу шайлоочулардын аң-сезимине таасир этүүгө дагы эле аракеттенип жатышканын америкалыктар аңдап-билиши зарыл”, - деп айтылды 5-ноябрда ФБРдин, Улуттук чалгын кызматтын, Ички коопсуздук министрлигинин, Башкы прокуратуранын жетекчилеринин биргелешкен расмий билдирүүсүндө.
Орусиянын жана Кытайдын шайлоого кийлигишүү аракеттери болушу ыктымал экени тууралуу маалыматтар Вашингтонду тынчсыздандырып турганын Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон да добуш берүүнүн алдында билдирди.
Шайлоону утурлай “Фейсбук” 100дөн ашуун шектүү аккаунтту жапканын маалымдаган. Буга чейин "Твиттер" да шайлоодо добуш бербөөгө чакырган 10 миңдей шектүү баракчаны өчүргөн. Вашингтон "2016-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоого Орусия кийлигишүүгө аракет кылган" десе, Москва бул дооматты четке кагып келет.
АКШдагы бул жолку добуш берүүнүн натыйжасында Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын толук курамы же 435 мүчөсү, Сенаттын үчтөн бир бөлүгү же 100 мүчөсүнүн 35и кайра шайланат.
6-ноябрда АКШнын жарандары өлкөнүн 50 штатынын 36сында губернаторлорду да шайлайт.
Өз партияларынын талапкерлерине добуш топтош үчүн азыркы президент Дональд Трамп да, мурдагы президент Барак Обама да шайлоо өнөктүгүнө жигердүү катышты.