Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:56

Кара-Балтадагы "Жунда" заводунда өндүрүш токтотулду


"Жунда" заводу.
"Жунда" заводу.

Экономика министри Олег Панкратов өкмөттүн 6-ноябрдагы жыйынында билдиргендей, Кара-Балта шаарындагы мунайды кайра иштеткен "Жунда" заводунун өндүрүшү токтотулду.

Буга заводдун айланасындагы соттук иштер жана салык төлөө маселеси себеп болгону айтылды.

"Жунда" заводу жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Анын негиздөөчүсү кытайлык “Чайна Петроль Жунда” компаниясы заводду курууга 300 миллион доллар инвестиция жумшаган.

Мындан мурда "экологияга зыян келтирип жатат" деген негизде "Жундага" жергиликтүү тургундар нааразылык билдирип чыгышкан. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги шаардагы абаны жана топуракты текшерип, заводдун ишинен экологияга зыян келбегенин жарыялаган. Бирок жергиликтүү тургундардын бул ишканага нааразылыгы токтой элек.

XS
SM
MD
LG