Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:42

Баткен: чек арачылар футбол талаасында беттешүүдө


Кызыл-Кыя шаарында кыргыз, өзбек жана тажик чек арачыларынын кичи футбол боюнча мелдеши өтүп жатат.
Кызыл-Кыя шаарында кыргыз, өзбек жана тажик чек арачыларынын кичи футбол боюнча мелдеши өтүп жатат.

Кызыл-Кыя шаарында кыргыз, өзбек жана тажик чек арачыларынын кичи футбол боюнча мелдеши өтүп жатат. Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, спорттук иш-чара аймактык чек ара кызматташтыгын бекемдөө жана чектеш мамлекеттер менен коңшулаш жакын мамилелерди түзүү максатында уюштурулган.

Мелдешке Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын, Тажик Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин Согди облусу боюнча башкармалыгынын, Өзбек Республикасынын Мамлекеттик чек араны коргоо комитетинин чыгыш багыты боюнча башкармалыгынын курама командалары жана Кыргызстанда чек ара жаатындагы долбоорлорду ишке ашырып жаткан ЕККУнун Программалык кеңсесинин кызматкерлеринен турган курама командалар катышууда.

Коңшулаш үч өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда өтүп жаткан кичи футбол боюнча мелдеш кыргыз чек арачыларынын демилгеси менен уюштурулган. (MdN)

XS
SM
MD
LG