Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Жумаев: Менчик медиаларга бийликтин кысымы токтогон жок


7-каналдын имараты.
7-каналдын имараты.

Жеке менчик маалымат каражаттарына бийликтин кысымы токтой элек. Бул тууралуу баш кеңсеси Жалал-Абад шаарында жайгашкан “7-канал” телерадио компаниясынын башкы директору Алтынбек Жумаев “Азаттык” радиосуна курган маегинде билдирди.

- Мурунку президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда да басма сөз эркиндигине болгон тоскоолдуктар токтогон жок. Ар бир өлкө башчысы өз сөзүндө басма сөз эркиндиги тууралуу айтканы менен, иш жүзүндө андай болбой жатат. Азыр мен жетектеген телеканалга укук коргоо органдары, УКМК тарабынан көзөмөлдөө жана башка бут тосуулар болуп келет. Кези келгенде мен булар боюнча коомчулукка толугураак айтып берем.

2010-жылы Жалал-Абад көз карандысыз телеканал болуп ачылган 7-канал кезегинде саясатчы Камчыбек Ташиевге таандык экени айтылып жүргөн. Башкы директор Жумаев учурда каналдын ээлери 2014-жылдан тартып өзгөргөнүн айтып, алардын аттарын ачыкка чыгарган жок.

7-ноябрь Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү. 1993-жылы өкмөттүн токтому менен 7-ноябрь жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин күнү катары жарыяланган. 1924-жылы 7-ноябрда алгачкы кыргызча гезит – “Эркин Тоо” (азыркы “Кыргыз Туусу”) жарык көргөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG