Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:49

Иракта адамдар жапырт көмүлгөн көрүстөндөр табылды


Ирактын түндүгүндө адамдар жапырт көмүлгөн көрүстөндөрдүн бири (архивдик сүрөт).
Ирактын түндүгүндө адамдар жапырт көмүлгөн көрүстөндөрдүн бири (архивдик сүрөт).

Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун курмандыктары массалык түрдө көмүлгөн эки жүздөй жай өлкөнүн түндүк жана батыш бөлүктөрүндө табылган.

Бул тууралуу 6-ноябрда Улуттар Уюмунун өкүлдөрү билдиришти. Адамдар массалык түрдө көмүлгөн жайлар мурда бул экстремисттик топ көзөмөлдөп турган аймактарда жайгашкан.

БУУнун Ирак боюнча атайын чабарманы Ян Кубиштин айтымында, ал жайларда көмүлгөндөрдүн так санын аныктоо кыйын, бирок сөз миңдеген адамдар жөнүндө жүрүп жатат.

Учурда адистер массалык көрүстөндөрдө көмүлгөн сөөктөрдү идентификациялоо аракетин көрүп жатат. “Ислам мамлекети” тобу Ирактын ири бөлүгүн 2014-жылдын орто ченинен 2017-жылдын аягына чейин көзөмөлдөп турган. Расмий Багдад халифатчыларды жеңгенин былтыр декабрда жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG