Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:02

ИИМ: Чаткалда абал туруктуу, кырдаал көзөмөлдө


Чаткал району.

Чаткалда абал туруктуу жана жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Ал милиция кызматкерлери жергиликтүү тургунду сабап койду деген маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, терексайлык Нурлан аттуу 32 жаштагы жаран “Эки-Бакыр – Терек-Сай” ишканасынын кайтарылган объектисине кирип барган. Ага каттоо пункту аркылуу кирүү зарылдыгы айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

- Ошол эле күнү жергиликтүү тургундар Терек-Сай айыл аймагынын имаратына келип ишкананын ишине тыюу салуу, ишин токтотуу талабын койгон. 15 чакты жаш балдар объектти кайтарып турган кызматкерлерге барып каршылык көргөзүп, сабаганга аракет кылышкан. Ал жердеги үч кызматкер тең жараат алып, ооруканага кайрылышкан.

Сейитовдун айтымында, министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков кырдаал менен жеринде таанышып келди.

ИИМдин ыкчам-тергөө тобу териштирүү ишин жүргүзүп жатат.

Буга чейин жарандык активисттердин бири Абдыжапар Нурдинов ишкананы кайтырып турган атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү 5-ноябрда малын айдап келүүгө барган жергиликтүү тургунду сабап салганын айткан. Буга нааразы болгон жаштар чогулуп барганда качып баратып эки милиция жабыркаганын билдирген. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG