Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:17

АКШ Конгрессине тарыхтагы эң жаш аял шайланды


Александра Окасио Кортес шайлоодон кийин жактоочуларынын алдында сүйлөп жаткан учуру. Нью-Йорк, 6-ноябрь, 2018-жыл.
Александра Окасио Кортес шайлоодон кийин жактоочуларынын алдында сүйлөп жаткан учуру. Нью-Йорк, 6-ноябрь, 2018-жыл.

“Associated Press” агенттиги кабарлагандай, 29 жаштагы Александра Окасио Кортес (Alexandria Ocasio-Cortez) АКШнын тарыхында Конгресске шайланган эң жаш аял болуп калды.

Нью-Йорктун Бронкс районунда туулуп-өскөн 28 жаштагы Кортес быйыл июнь айында Демократиялык партиянын ички шайлоосунда өзүнүн атаандашы, тажрыйбалуу саясатчы Жо Кроулини жеңип чыгып, көпчүлүктү таң калтырган эле.

АКШнын эң мыкты жогорку окуу жайларынын бири Браун университетин бүтүргөн Окасио Кортес өзүн “демократ социалист” деп атап жүрөт.

Ал кабарчыларга студент кезинде окуу акысын төгүш үчүн алган насыясын эмгиче төлөп жатканын, жакынкы убакытка чейин эле медициналык камсыздандыруусу жок болгонун билдирген.

АКШ Конгрессине быйыл шайланган экинчи жаш аял Эбби Финкэнауэр (Abby Finkenauer) болду. Ал быйыл 27-декабрда отузга чыгат.

Демократиялык партиянын мүчөсү Финкэнауэр буга чейин Айова штатында жергиликтүү парламентке шайланган, Конгресске да ушул штаттан келди. Александра Окасио Кортес жана Эбби Финкэнауэр да Конгресстин Өкүлдөр палатасына шайланышты.

Быйылкы шайлоодо АКШда Конгресстин мүчөлүгүнө талапкер болгон аялдардын саны рекорддук чекке - 237ге жетти. (UE)

XS
SM
MD
LG