Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Макмал кениндеги өндүрүштү жандандырууну жана Кадамжай сурма комбинатындагы комбинатындагы кичи заводду ишке берүүнү тездетүүнү тапшырды.
Тогуз айдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары каралган жыйында өкмөт башчы реалдуу экономиканын дээрлик бардык тармактарында өсүш камсыз болгонун белгиледи. Абылгазиев чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана атамекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулганын айтты. Анын сөзүнө караганда, жыл аягына чейин “Кыргыз текстил”, Кичи-Чараат, “ТМАЙ-инвестмент холдинг” сыяктуу бир катар объектилер ишке киргизилет.
Өкмөт башчы өнөр жайы экономиканын бюджет түзүүчү негизги тармагы экенин баса белгилеп, өнөр жайын өнүктүрүү боюнча ишти мындан ары жандандырууну талап кылды.
Отчетто белгиленгендей, курулуш тармагындагы өсүш 7,2% түзгөн.
75 жылдан бери иштеп келаткан Кадамжай сурма комбинаты Союз убагында дүйнөдө алдыңкы орундагы ишканалардын катарында турган. Кадамжайдын сурмасы 1967-жылы Лондондогу Эл аралык биржада мыкты деп табылган. (КЕ)