Кошмо Штаттарда 6-ноябрда өткөн шайлоонун расмий жыйынтыгы да Демократиялык партия Конгресстин Өкүлдөр палатасына көзөмөлдү жеңип алганын көргөзүүдө.
Демек, бул президент Дональд Трампка алдыдагы эки жылдык бийлик мөөнөтүндө Конгресстин бул палатасынан басым күчөшү мүмкүн деген сөз.
“Associated Press” агенттиги келтирген маалыматтар боюнча ушул сааттарга карата Демократиялык партия 435 орундуу Өкүлдөр палатасынан 219 орун, Республикалык партия 193 орун алганы аныкталды. 23 мандаттын ээси азырынча так билине элек. Бирок жалпысынан демократтар республикачылардан 20дан ашуун орунду көп алары кабарланууда:
- Демократтар Конгресс адамдар үчүн иштейт деп убада беришет. Демократиялык Конгресс бизди бириктире турган чечимдер үстүндө иштейт, анткени ажырым жетиштүү эле болду, - деди шайлоонун баштапкы жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин бул партиянын Өкүлдөр палатасындагы лидери Ненси Пелоси.
Бирок президент Дональд Трамп да 6-ноябрдын кечинде "Твиттердеги" баракчасында шайлоонун баштапкы жыйынтыктарын өзү үчүн “эбегейсиз ийгилик” деп баалады. Азыркы шайлоо анын президенттиги боюнча референдум катары да каралган.
Ал эми Конгресстин жогорку палатасы - Сенатта Республикалык партия буга чейинки бир добушка артыкчылыгын дагы эки орунга көбөйтөт деп күтүлүүдө.
6-ноябрда 435 орундуу Өкүлдөр палатасы толугу менен, ал эми Сенаттын үчтөн бири же 35 мүчөсү кайра шайланды.
Маалыматтарга караганда, Өкүлдөр палатасына АКШнын тарыхындагы эң көп аял өттү. Алар кеминде 85 орунду жеңип алышты.
“Associated Press” агенттиги кабарлагандай, Миннесота штатынан Илхан Омар жана Мичиган штатынан Рашида Тлаиб АКШ Конгрессинин тарыхында ага шайланган алгачкы мусулман аялдар болуп калышты.
Ал эми Нью-Йорктон 29 жаштагы Александра Окасио Кортес (Alexandria Ocasio-Cortez) АКШнын тарыхында Конгресске өткөн эң жаш аял болду.
6-ноябрда АКШ жарандары 50 штаттын 36сында губернаторлорду, штаттардагы 99 мыйзам чыгаруучу жыйындын 87син да кайра шайлашты. (UE)