Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:04

Астанада ЖККУнун жыйыны болот

ЖККУ мамлекеттеринин желектери.
ЖККУ мамлекеттеринин желектери.

Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн, 8-ноябрда Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунун (ЖККУ) жыйыны болот.

Уюмдун маалыматына караганда, жыйын мамлекет башчыларынын деңгээлинде өтөт.

Ошондой эле тышкы иштер, коргоо министрлери жана коопсуздук кеңештеринин катчыларынын биргелешкен жыйыны да өтмөкчү.

Анда уюмдун алкагындагы иштердин жыйынтыгы чыгарылып, бир катар документтерге кол коюлат. Өз ара кызматташтыкты бекемдөө, коопсуздук маселеси талкууга алынмакчы.

ЖККУга Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларус, Орусия жана Тажикстан мүчө.

XS
SM
MD
LG