Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Таласта Айтматовдун 90 жылдыгы белгилене баштады


Сүрөттө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана Роза Айтматова.
Сүрөттө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана Роза Айтматова.

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Талас шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелине гүлчамбар койду. Ошентип жазуучунун 90 жылдыгын белгилөө расмий башталды.

Иш-чаранын алкагында "Манас ордо" комплексинде 90 боз үй тигилип, 30 жылкы союлуп, 16 төкмө акын катышкан айтыш уюштурулат. Таласта өтүп жаткан иш-чараларга Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Садык Шер-Нияз, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев да катышууда.

Быйыл Таластагы иш-чаралар Кыргызстанда алгачкы жолу майрамдалып жаткан "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө" туш келген. Буга байланыштуу жарлыкка 2017-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Буга чейин 7-ноябрь Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү катары белгиленип келген. (AlS/KR)

XS
SM
MD
LG