Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Пакистан Асия Бибинин чет өлкөгө чыгып кеткенин четке кагууда


Асия Биби.
Асия Биби.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирген" деп айыпталган христиан аял Асия Биби түрмөдөн бошоп, чет өлкөгө чыгып кеткени тууралуу маалыматты четке кагууда.

"Ал өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт, бул жалган кабар" деди тышкы саясат мекемесинин басма сөз катчысы Мухаммад Файсал 8-ноябрда журналисттерге.

Христиан аял абактан бошоп, өлкөдөн чыгып кеткенин буга чейин анын адвокаты Сайфул Малик жана Европарламенттин президенти Антонио Таяни кабарлаган. “Асия Биби абактан чыгып, коопсуз жайга жеткирилди” деп жазган Антонио Таяни өзүнүн “Твиттердеги” баракчасына.

"Пакистандын бийлигине ыраазычылык билдирем. Мен жакында анын өзү жана үй-бүлөсү менен жолугушуну чыдамсыздык менен күтөм”, деди Антонио Таяни.

Сайфул Малик Асия Биби үй-бүлөсү менен Пакистандан чыгып кеткенин, бирок алардын кайда экенин билбей турганын айткан.

Христианчылыктын католик багытын карманган беш баланын энеси, 54 жаштагы Биби 2009-жылы июнда "пайгамбарга шек келтирди" деген айып менен камакка алынып, бир жылдан кийин өлүм жазасына кесилген.

Сегиз жылдан кийин гана анын иши кайра каралып, 31-октябрда Пакистандын Жогорку соту аны актаган чечим чыгарган.

Буга каршы ашынган исламчылар нааразылык акцияларын уюштуруп, сотторду жана христиан аялдын укугун коргогон адвокатты жазалоого чакырышкан.

Асия Бибинин күйөөсү да буга чейин коопсуздуктан улам үй-бүлөсүнө Батыштан башпаанек сураган.

XS
SM
MD
LG