КСДП фракциясынын депутаттарына аталган партиянын саясий кеңешинен Иса Өмүркулов боюнча чечим тууралуу кат келди. Бул тууралуу КСПД фракциясынын депутаты Дастан Бекешев “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүндө айтты:
- Бизге кат келди, "саясий кеңештен" келген. Бирок биз чогула элекпиз. Чындыгында бул жерде "Өмүркуловду ким лидер кылды?" деген суроону бериш керек. Аны тизмеге Алмазбек Шаршенович киргизген. Мүмкүн Иса Шейшенкулович “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы менен мамиле түздү, бирок ошонун эле негизинде партиядан чыгарыш туура эмес. Юридикалык нормаларды карасак, партиялар кризиске учурады. Партия жана фракция эки башка нерсе болуп жатат, бирок негизи бирдикте иштеши керек. Бизде азыр чогулуш дагы эле боло элек. Менин оюмча азыр эч кимди фракциядан чыгарбаш керек.
Буга чейин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева партия өзүнүн парламенттеги фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду кызматтан кетирүү тууралуу саясий кеңештин чечимин фракциянын ар бир депутатына жөнөтөрүн "Азаттыкка" билдирген.
31-октябрда КСДПнын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. Ошондой эле партиянын парламенттеги фракциясынын депутаттары Иса Өмүркуловду кызматтан алуу тууралуу сунуш киргизилген. Өмүркулов өзү бул чечимди легитимсиз деп баалап, аны мүчөлүктөн чыгарган адамдарды “чыккынчылар” деп атаган. (KR)