Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

АКШнын башкы прокурору кызматтан кетерин жарыялады


Жефф Сешнз.
Жефф Сешнз.

АКШнын башкы прокурору Жефф Сешнз кызматтан президент Дональд Трамптын өтүнүчү менен кетип жатканын билдирген. Трамп башкы прокурорлукка жаңы талапкердин атын жакында жарыялай турганын кабарлады. Ал Сешнзге аткарган кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сешнздин кызматтан кетиши анын Дональд Трамптын командасынын Орусия менен байланышын иликтөө ишине катышпоо тууралуу чечими менен байланыштырылууда.

Президент "буга чейин Сешнздин иликтөөгө катышуудан баш тартуу ниетин мурдатан билгенде башкы прокурорлукка башка адамды дайындамакмын" деген мааниде айтканы бар.

АКШда Орусиянын Кошмо Штаттардагы 2016-жылдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсү боюнча иликтөө жүрүп жатат. Атайын прокурор Роберт Мюллер "Трамптын штабы анын атаандашы, Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонго каршы Кремль менен алдын ала сүйлөшүүгө барганбы?" деген суроого жооп издеп жатат.

Москва өзүнүн АКШдагы шайлоого кийлигишкенин четке кагып келе жатат. Дональд Трамп да эч кандай макулдашуу болбогонун билдирген.

XS
SM
MD
LG