Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Пакистан Кытай менен Сауд Арабиясынан 12 млрд. доллар жардам алды


Кытай төрагасы Си Цзинпин менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан.
Кытай төрагасы Си Цзинпин менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан.

Пакистанга Кытай 6 млрд. доллар, Сауд Арабиясы дагы 6 млрд. доллар жардам бөлдү. Бул тууралуу финансы министри Асад Умар билдирип, “бизде эми төлөм балансына байланыштуу кризис жок” деди. Мурдараак өкмөт айлык акы, пенсия өңдүү чукул төлөмдөр үчүн казынада акча жок калганын, тез арада 12 млрд. доллар табыш керек экенин билдирген.

Быйыл жайында шайланган премьер-министр Имран Хан муну мурдагы бийликтин мурасы катары баалаган. Ал өткөн жумада Бээжинге барып, каржылык жардам тууралуу кытай төрагасы Си Цзинпин менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

Пакистан өкмөтү каржы-экономикалык кризистен биротоло чыгыш үчүн Эл аралык Валюта Фондунан да үч жылдык жардам алууну көздөп турат. Кандай жана канча өлчөмдө жардам берилээри 20-ноябрга чейин чечилери кабарланган.

XS
SM
MD
LG