Алар Ирандын Ахваз шаарындагы аскер парады учурундагы терактты колдогон деген шек менен 7-ноябрда кармалган. Атап айтканда, алар кол салуу уюштуруп өлгөндөрдү мактаган деп айтылууда. Даниянын полициясы кармалгандарды суракка алгандан кийин бошотту.
Бул үч киши Иран бийлигине каршы түзүлгөн Ахвазды бошотуу араб кыймылынын мүчөлөрү болот. Иран бийлиги 22-сентябрда кеминде 25 адам өлгөн кол салууну ушул уюм уюштурду деп айыптаган.
Ахваз шаары орун алган Ирандын мунайга бай Хузестан провинциясында араб мамлекетин түзүүнү жактаган бул уюм кол салууну алар уюштурду деген маалыматты четке каккан.