Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:04

Армения Орусия менен газдын баасын ылдыйлатууну сүйлөшүүдө


Армениянын бардык газ инфраструктурасы орусиялык "Газпром" ишканасынын колунда. 

Армениянын өкмөтү Орусиянын Энергетика министрлиги жана "Газпром" компаниясы менен көгүлтүр отундун баасын арзандатууну сүйлөшүүдө. Бул тууралуу 8-ноябрдагы өкмөттө болгон маалымат жыйынында энергетикалык инфраструктура жана табигый байлыктар министринин милдетин аткаруучу Гарегин Баграмян маалымдады. Анын айтымында, газдын Арменияга чейинки жана элге тараган баасындагы айырмачылык боюнча сүйлөшүү болот. Ал сүйлөшүүнүн майда-бараты кийинчерек кабарлана турганын кошумчалады.

"Газпром" өзүнүн Армениядагы бөлүмү "Газпром Арменияга" 1000 куб газды 150 долларга сатат, ал эми андан ары элге 1000 куб газ 284 доллардан берилет.

Армениянын бардык газ инфраструктурасы орусиялык "Газпром" ишканасынын колунда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG