Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Дүйнөлүк банк "Digital CASA" долбооруна 50 миллион доллар берет


"CASA -1000" долбоорунун картасы.
"CASA -1000" долбоорунун картасы.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Бюджет жана финансы комитети "Digital CASA - Кыргызстан" долбоорун каржылоо тууралуу макулдашууну ушул аптада карады.

Анда Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчилиги билдиргендей, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы долбоорго 50 миллион доллар бермей болду.

Анын 50 пайызы насыя, 50 пайызы грант. Каражат 38 жылдык мөөнөт менен берилмекчи.

Маалыматка караганда, "Digital CASA" долбоору 2019-жылдан тартып ишке ашырылат. Келишим парламентте ратификацияланганга чейин анын техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болууга тийиш.

Бийлик бул долбоор аркылуу Кыргызстанды Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштыруучу IT хаб өлкөсүнө айландыруу максаты бар экенин айтууда. (NT)

XS
SM
MD
LG