Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

Балдар хосписин суу каптап, эмерек жарактан чыкты


Сууда калган эмеректи тазалоо.
Сууда калган эмеректи тазалоо.

Бишкектеги Балдар хосписинде суу каптагандан кийин тазалоо иштери жүрүп жатат.

Хоспистин жетекчиси Динара Аляева "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, 8-ноябрга караган түнү жылуулук жана суу түтүктөрү жарылып, хосписти суу каптаган.

Окуядан бейтаптар жабыркаган жок. Алар бул күнү эс алуу үчүн үйүнө жиберилген.

Жылуулук станциясынын ыкчам тобу түтүктөрдү оңдоп бүттү. Бирок эмерек, телевизор, муздаткыч жарабай калды.

Хоспис 2015-жылы ачылган. Ал Кыргызстанда балдарга паллиативдик жардам көрсөткөн жалгыз жай. (BCh)

XS
SM
MD
LG