АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз кирген мигранттар кийин качкын макамын алыш үчүн арыз бере албаган чектөөнү президент Дональд Трамптын администрациясы 8-ноябрда киргизди. Иммигранттардын адвокаттары бул чараны дароо сынга алып, ал АКШнын азыркы мыйзам жоболоруна каршы келерин билдиришти.
Бирок Ак үй президентте “эгер ал улуттук кызыкчылыктагы иш деп тапса” иммиграцияны чектегидей ыйгарым укук бар экенин жүйө келтирди. Администрациянын көз карашында, азыркы эрежелер мыйзамсыз миграцияга шыкак берип жатат.
Кошмо Штаттардын мыйзамы боюнча мекениндеги куугунтуктан же кыянатчылыктан улам качкан адамдар АКШдан анын аймагына кандай шартта киргенине карабай башпаанек суроого укуктуу.
Жаңы эрежеге ылайык, АКШга анын түштүк чек араларынан кирген мигранттар арызын расмий чек ара бекетинен өтүп, тапшырган учурда гана качкын макамын сурай алышат.
Жаңы эреже көбүнесе Борбордук Америка өлкөлөрүнөн - Гватемаладан, Гондурастан, Сальвадордон келген мигранттарга тиешелүү.
Өз өлкөлөрүндөгү жакырчылык менен кыянатчылыктан качкан мигранттар АКШга анын Мексика менен чек арасы аркылуу киргенге аракеттенишет.
Президент Дональд Трамп аптанын башында Конгресске болгон шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө мигранттарга каршы катаал турумду карманган.
Борбордук Америкадан мигранттардын жаңы агымы келишин утурлай Пентагон ушул айдын башында Мексика менен чек арага 5200 жоокерди жайгаштырган. Ага чейин быйыл апрелде да АКШнын Мексика менен чек арасына Улуттук гвардиянын 2100 жоокери жөнөтүлгөн. (UE)