Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:55

Өкмөт Көчмөндөр оюндарындагы ыктыярчыларга ыраазылык айтат

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары.

Быйылкы Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жардам берген ыктыярчыларга ыраазычылык айтылат. Бул тууралуу 9-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 10-ноябрда Улуттук филармонияда атайын иш-чара өткөрүлөт.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жалпыcынан эки миңден ашуун ыктыярчы тартылган. Алар уюштуруу, конокторду тосуп алуу, ачылыш жана жабылыш аземдеринде бийлеп жана башка иштерге кол кабыш кылышкан.

“Ыраазычылык каттарын” тапшыруу “Көчмөндөрдүн балдары” аттуу даректүү тасманын бет ачары менен коштолот. 50 мүнөттүк тасма жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо максатын көздөйт. (RK)

XS
SM
MD
LG