Атайын прокурор Роберт Мюллерди коргоп калууга чакырган акциялар 8-ноябрда АКШнын бир катар ири шаарларында болду. Нью-Йоркто, Вашингтондо, Чикагодо көчөгө жүздөгөн адамдар чыгышты. Нааразылык акциялары башка бир нече шаарларда болду.
АКШда ФБРдин мурдагы директору, атайын прокурор Роберт Мюллер баштаган топ Орусиянын 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү жана президент Трамптын андагы шайлоо штабынын Москва менен болжолдуу байланыштары боюнча иликтөөсүн улантып жатат.
Бул ишке Юстиция министрлиги жалпы көзөмөл жүргүзөт. Атайын прокурорду коргоо чакырыктары президент Дональд Трамп Конгресске 6-ноябрда болгон шайлоонун эртеси өлкөнүн башкы прокурору жана юстиция министри Жефф Сешнсти кызматтан бошоткондон кийин айтылууда.
Трамп республикачыл саясатчы, мурда анын шайлоо штабынын ишине аралашып, шайлоо учурунда кызуу колдоп-сүрөгөн Жефф Сешнсти Орусия боюнча иликтөөдөн четтеп кеткени үчүн акыркы кездери ачык сындап жүргөн.
Башкы прокурордун милдетин аткаруучу кылып, Трамп буга чейин мекеменин аппаратын башкарган Мэтью Уитэкерди дайындаган. Мурдагы республикачыл саясатчы Уитэкер - Мюллердин иликтөөсүн чектөө зарыл экенин ачык айтып жүргөндөрдүн бири.
Ал арада Конгресстеги демократтар башкы прокурорду алмаштыруунун себептери боюнча чукул талкуу өткөрүүнү көздөп жатышат.
Конгресстин Өкүлдөр палатасындагы көзөмөл 6-ноябрдагы шайлоонун натыйжасында Демократиялык партияга өтүп жаткандыктан, бул Орусия АКШнын 2016-жылдагы президенттик шайлоосуна кийлигишкени жана Трамптын шайлоо учурундагы штабы менен Москванын болжолдуу байланыштары тууралуу иликтөөлөрдүн кайра күч алышына шарт түзүүдө. (UE)