Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Тажикстандагы түрмө тополоңу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алууда


Хожент шаарында тополоң чыккан түрмө. 8-ноябрь, 2018-жыл.
Хожент шаарында тополоң чыккан түрмө. 8-ноябрь, 2018-жыл.

Мындай билдирүүнү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна байланышы бар "Amaq" жаңылыктар агенттиги таратты. Андагы маалыматка караганда, Тажикстандын түрмөсүндөгү тополоң “Ислам мамлекети” тобунун “согушкери” 7-ноябрдын кечинде абак кайтаруучусуна кол салгандан кийин башталган.

Тажик өкмөтүнө жакын булактар менен коопсуздук өкүлдөрүнүн “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматына 9-ноябрда айткандарына караганда, Хожент шаарынын түрмөсүндөгү тополоң “Ислам мамлекети” тобунун диний экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон тарапкерлери тарабынан уюштурулган. Тополоң учурунда кеминде 24 адам, анын ичинде түрмөнүн эки сакчысы мерт болгон.

Андан бери эки күн өтсө да Тажикстандын өкмөтү бул окуяга карата расмий реакциясын азырынча билдире элек. Тажикстандын Хожент шаарындагы тополоң чыккан түрмөдө негизинен экстремизм, терроризм жана башка оор кылмыштар үчүн соттолгондор олтурат. (UE)

XS
SM
MD
LG