Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Австрияда Орусиянын “тыңчысы” сурак берүүдө


Орусияны президенти Владимир Путин жана Австриянын канцлери Себастьян Курц Венадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин. 5-июнь, 2018-жыл.
Орусияны президенти Владимир Путин жана Австриянын канцлери Себастьян Курц Венадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин. 5-июнь, 2018-жыл.

Австриянын коопсуздук кызматтары Орусиянын тыңчысы деп шек жараткан мурдагы офицерди суракка алып жатышат.

Өлкөнүн канцлери Себастьян Курцтун бүгүн Венадан билдиргенине караганда, армиянын жакында эле кызматтан кеткен офицери дээрлик жыйырма жыл бою Орусиянын пайдасына тыңчылык кылып жүргөн деп шек саналууда.

- Биз Орусиядан ачык маалымат талап кылабыз. Эгер шегибиз чын чыкса, бул Орусия менен Евробиримдиктин мамилесин оңдобойт. Орусиянын Европадагы тыңчылык кылышы алгылыксыз жана айыпталат, - деди Австрия канцлери бүгүн Венадагы басма сөз жыйынында.

Бирок канцлер Курцтун айтымында, буга байланыштуу азыр расмий Вена Москвадагы элчисин чакыртып алган жок же орус дипломаттарын өлкөдөн чыгара элек.

Орус тыңчысы катары шекке кабылган офицердин ишине байланыштуу Орусиянын Австриядагы элчилигинин башкы дипломаты Австриянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, ал эми өлкөнүн тышкы иштер министри Карин Кнайсль Москвага 2-3 -декабрга белгиленген иш сапарын токтоткон.

Ал арада орус маалымат агенттиктери кабарлагандай, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Австриянын элчисин чакырып, түшүндүрмө талап кылды.

Австрия - Орусиянын Украинадагы аракеттерине карабай Москва менен тыгыз дипломатиялык мамилени сактап келе жаткан Евробиримдиктин саналуу өлкөлөрүнүн бири. (UE)

XS
SM
MD
LG