Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:50

Мелбурндагы кол салуу үчүн ИМ тобу жоопкер болду


Мелбурндун кол салуу болгон бөлүгү. 9-ноябрь, 2018-жыл.
Мелбурндун кол салуу болгон бөлүгү. 9-ноябрь, 2018-жыл.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна байланышы бар "Amaq" маалымат агенттиги 9-ноябрда кабарлагандай, Мелбурндагы кол салуу ушул топтун мүчөсүнүн колунан келген.

Австралиянын экинчи ири шаары Мелбурндун борбордук бөлүгүндө бүгүн түштөн кийин бычак менен кол салуу учурунда бир адам өлүп, экөө жарадар болгон.

Полиция бул окуяны теракт катары иликтөөдө.

Расмий маалыматка караганда, кол салган адам теги боюнча сомалилик, ал полицияга мурда эле белгилүү болчу. Кол салган киши өзү окуя болгон жерде полициянын огу тийип, алган жараатынан ооруканада каза тапкан.

Ал айдап жүргөн автоунаа өрттөнүп, ичиндеги газ баллондор адистер тарабынан зыянсыздандырылган. (UE)

XS
SM
MD
LG