Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Түркия: Маликаны сабаган айыпталуучу бошотулду


Малика Ноотиева.
Малика Ноотиева.

Анталия шаарында кыргыз жараны Малика Ноотиеваны сабады деп айыпталган адам абактан бошотулду. Бул тууралуу жабырлануучунун адвокаты Энис Зияли "Азатыкка" билдирди.

- Айыпталуучу түрк жараны М.Й. окуядан кийин дароо кармалып, камакка алынган. Бирок бүгүнкү соттук отурумда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарын судья канааттандырган жок. Анталия шаардык соту айыпталуучуну "Түркиядан чыкпашы керек" деген чечими менен камактан бошотту.

9-ноябрда Анталия шаарында өткөн соттук жараянга жабыр тарткан Малика Ноотиева Кыргызстанда болгондуктан катышкан жок.

Сотто Маликанын укугун түркиялык төрт адвокат коргоду. Анын ичинде Түркиянын Үй-бүлө министрлигинин өкүлү да бар. Кийинки соттук жараян 2019-жылдын 28-мартына жылды.

Анталия шаарына бала багуучу болуп иштегени келген Малика 2016-жылы тааныш кызынын тилине кирип, каргашалуу окуяга кабылган.

Соттук отурумда Малика түрк жараны М.Й. аны автоунаасына салып, Анталиянын Коркутели аймагына алып барганын айтып берген. М.Й. кызга зомбулук көрсөтүп, башка темир менен бир канча жолу чаап, жолдун жээгине таштап кеткени айтылган. Айыпталуучу М.Й. сотто күнөөсүн моюнуна албай келет. (ElB)

XS
SM
MD
LG